Казакстандык дүйнөдөгү жалгыз кванттык офтальмолог аталды

Казакстандык дүйнөдөгү жалгыз кванттык офтальмолог аталды

 Көз ооруларын алгачкы этапта эффективдүү аныктоо. Бул жагынан ата мекендик адистерге кванттык микроскоп жардам берет. Аны казакстандык Мухит Кулмаганбетов иштеп чыккан. Жаш окумуштуунун аппараты квантталган фотондун жардамы менен иштейт. Бул ыкма дүйнөдө эки гана түзмөктө колдонулат - мындай аппараттар Канадада жана Гонконгдо.

Мухит Кулмаганбетов, Гонконг кванттык офтальмология лабороториясынын жетекчиси:

Сиз жарыкты, фотонду бир объектиден экинчисине, эмитенттен кабыл алгычка жөнөткүңүз келди дейли, фотон бул аралыкты басып өткөндө өзүнүн түзүлүшүн өзгөртө алат. Бирок биз бул фотондун өзгөрбөшүн каалайбыз. Башкача айтканда, биз жөн гана анын квантталган абалын өзгөртүп, аны менен бирге  жөнөтө алабыз. Тагырагы квантталган фотон кабыл алгычка жетет, балким ал өзгөрүп, кайра калыбына келе алат. Бул өзүн-өзү дарылоо квантталган фотондун өзгөчөлүктөрүнүн бири же алар чайпалык жүргөн фотон деп аталат.

Мухит офтальмологияга Алматыдагы Асфендияров атындагы медициналык университетте окуп жүргөндө кызыккан. Университетте ал мыкты студенттердин бири болуп, ар кандай чет элдик программалар боюнча кошумча билим алып, тажрыйбасын өркүндөткөн. Ал Казак көз оорулары боюнча илимий-изилдөө институтунун ординатурасында окуп жүргөн кезинде Улуу Британиядагы Кардифф университетинин докторантурасына чакыруу алган. Бул окуу жайдын дубалдарында Мухит ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп, жасалма интеллект программасынын коддорун жазган. Кийинчерээк башка окумуштуулар менен бирге оптикалык томографты жараткан. Бул иштин аркасында офтальмологдор молекулярдык деңгээлде торчодогу өзгөрүүлөрдү көрө алышат.

Мухит Кулмаганбетов, Гонконг кванттык офтальмология лабороториясынын жетекчиси:

Макулярдык дегенерация – бул биз көңүл буруу үчүн тизмеге киргизген оорулардын бири. Бул дүйнө жүзү боюнча көрүүнүн кайтарылгыс жоголушуна алып келген патологиянын эң кеңири таралган түрү. Ошондуктан, эгерде биз бул долбоорду алдыга жылдырсак, андан ары бүт офтальмологдорго жана бардык адамдарга жеткиликтүү болуп калат. Ал эми макулярдык дегенерацияны алдын ала аныктап, ошого жараша аны алдын ала дарылоого мүмкүнчүлүк алабыз. Ал жерде пайда болгон торчодогу дистрофиялык процесстер жүрөт. Бул глаукома. Бул бир гана көз оорусу эмес, борбордук нерв системасы менен байланышкан оору, ал Альцгеймер, Паркинсон болушу мүмкүн.

Мухит көздүн касиеттерин изилдөөдө жетишилген натыйжалар менен токтоп калбайт. Казакстандык Нобель сыйлыгынын лауреаты, көрүүнү оңдогон лазерди иштеп чыгуучу Донна Стрикленд менен долбоордун үстүндө иштөөнү пландоодо. Кошумчалай кетсек, жаш окумуштуу АКШнын НАСА агенттиги менен биргеликте көз ооруларынан жапа чеккен астронавттар үчүн атайын программа түзүүнү көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамлабеков